Site icon Reporter.kg

Алмазбек Орозалиев кызматтан алынды

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев кызматтан алынды. Маалыматты Reporter.kg`ге Орозалиев өзү тастыктады.

Маалыматка караганда, анын ордуна  Ысык-Көл ОИИБдин мурдагы жетекчиси Октябрь Урманбетов дайындалган.

Буга чейин ички иштер министринин дагы бир орун басары Памир Асанов кызматтан алынып, ордуна Эркебек Аширходжаев келген.

 

Exit mobile version