Site icon Reporter.kg

Алмазбек Орозалиев Бишкек шаардык милициясын жетектейт

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевге Бишкек ШИИББинин башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милдети жүктөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурдагы Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Жумагазиев парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан, кызматтык милдеттерин аткарууну убактылуу токтоткон. Ага байланыштуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев убактылуу жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 

Exit mobile version