Site icon Reporter.kg

Альпинисттерди издөө тобу Жеңиш чокусун тик учак менен 8 жолу айланып чыкты (видео)

Казакстандык аскер альпинистери Жеңиш чокусунда жоголгон алпинисттерди издөө үчүн тик учак менен чокуну 8 жолу айланып чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн “Хабар 24” агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, тик учак эки жолу 6 миң метр бийиктиктен учуп өткөн. Издөө иштери тепловизорлордун (алыстыкты аба ырайынын катаал шартына карабай көрсөтүүчү каражат – ред.) жардамы менен жүргүзүлүүдө. Азырынча издөө жумуштары натыйжа бере элек.

Белгилей кетсек, альпинисттер Александр Чечулин, Мурат Отепбаев жана Андрей Корнеев 18-августтан бери дайынсыз болууда. Алардын бири деми кыстыгып каза болгон. Ал эми эки адам жардам сурап кайрылган бойдон дайынсыз.

Жеңиш Кыргызстандагы эң бийик чоку. Анын бийиктиги 7439 метрди түзөт.

Exit mobile version