Казакстандык аскер альпинистери Жеңиш чокусунда жоголгон алпинисттерди издөө үчүн тик учак менен чокуну 8 жолу айланып чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн “Хабар 24” агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, тик учак эки жолу 6 миң метр бийиктиктен учуп өткөн. Издөө иштери тепловизорлордун (алыстыкты аба ырайынын катаал шартына карабай көрсөтүүчү каражат – ред.) жардамы менен жүргүзүлүүдө. Азырынча издөө жумуштары натыйжа бере элек.
Белгилей кетсек, альпинисттер Александр Чечулин, Мурат Отепбаев жана Андрей Корнеев 18-августтан бери дайынсыз болууда. Алардын бири деми кыстыгып каза болгон. Ал эми эки адам жардам сурап кайрылган бойдон дайынсыз.
Жеңиш Кыргызстандагы эң бийик чоку. Анын бийиктиги 7439 метрди түзөт.