Site icon Reporter.kg

Алтай крайындагы Эл аралык түркологдор мектеби үч өлкөнүн окумуштууларынын башын бириктирет

Жаш окумуштуу – түрколог жана алтаисттердин V Эл аралык жайкы мектеби 29-июндан 3-июлга чейин Алтай крайынын Чарыш районунда өтөт. Алтай мамлекеттик университетинин базасында уюштурулган иш-чарага түрк элдеринин тарыхын, маданиятын жана археологиясын изилдөө үчүн Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядан келген студенттер менен изилдөөчүлөр чогулат.

Мектептин негизги өзгөчөлүгү – алдыңкы окумуштуулардын лекциялары менен археологиялык казууларга катышууну камтыган практикалык сабактардын айкалышы болот. Бул жылы эксперттердин катарында алгачкы жолу Нелли Краснобаева (Чыгыш-Казакстан техникалык университети) жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орто кылымдардын археологиясы боюнча адиси Сергей Иванов чыгып сүйлөйт.

Мектептин модератору, АлтМУнун доценти Инна Анисимованын айтымында, программа мазмундуу жана практикага багытталган болот.

«Катышуучулар долбоордук топторго бөлүнүп, конкреттүү тапшырмаларды алышат. Форсайт-сессия форматында жаш окумуштуулар түркология боюнча өз долбоорлорун иштеп чыгып, сунушташы керек. Программанын эң кызыктуу жана уникалдуу бөлүктөрүнүн бири – түрк доорунун археологиялык эстеликтерине көчмө сессия өткөрүү болот, ал жерде жаш окумуштуулар археологиялык экспедициянын ишине катыша алышат», – деп билдирди Анисимова.

Мектептин лекциялары «Большой Алтай» алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борборунун (ИББ) сайтында бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болот.

Маалымат үчүн: Мектепке Казакстандын (Караганды, Павлодар, Өскемен), Кыргызстандын (Ж. Баласагын атындагы КУУ) жана Орусиянын (Алтай жана Тува мамлекеттик университеттери) жогорку окуу жайларынын студенттери катышат.

Exit mobile version