Алты ай мурун Бишкектеги банкты карактагандар кармала элек

Алты ай мурун Бишкектеги банкты карактагандар кармала элек

2019-жылдын ноябрь айында Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги “ЭкоИсламикБанктын” филиалын тоноп кеткендер кармала элек. Бул тууралуу “Репортерго”  Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Азырынча шектүүлөр аныктала элек. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди аныктап, кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө”, — деди басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, жогорудагы аты аталган банктын филиалынан 1,5 млн сомго жакын акча 26-ноябрь күнү эрте менен куралчан эки киши тарабынан каракталган.

Ушундай эле куралчан эки киши тарабынан банк каракталган окуя 12-июнь күнү болуп өттү. Анда кылмышкерлер Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Керемет” банктын филиалын тоноп кетишкен. Тонолгон акчанын так саны айтыла элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>