Алтымыш жылда алгачкы жолу электр жарыгы барган Жазы-Кечүү айылы — сүрөттөр

Алтымыш жылда алгачкы жолу электр жарыгы барган Жазы-Кечүү айылы — сүрөттөр

Жалал-Абад обулусунун Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылы электр жарыгы менен камсыз болду. 1960-жылдан бери эл жашаган аймакка алгачкы жолу электр жарыгы келди. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки ай ичинде жарыгы жок Жазы-Кечүүгө 10 кВ(киловольт) чыңалуудагы 479 даана, 0,4 кВ(киловольт) чыңалуудагы 175 даана электр мамычалар орнотулуп бүтүп, 18 чакырымдан ашуун аба чубалгылары тартылды. Айыл ичине 100 кВА (киловольт-ампер) кубаттуулуктагы 1 даана, 160 кВА(киловольт-ампер)  кубаттуулуктагы 2 даана трансформатор коюлду.

Төрт тарабы тоо менен курчалган Жазы-Кечүү Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Элетте кыш алты айга созулуп, үч метрге чейин кар жаайт. Кеч күздөн тарта райондун борборуна болгон каттам кооптуу болуп, жазга чейин жабылат.

Аталган айылда 150 түтүн, тактап айтканда 600дөн ашык адам отурукташкан. Анын 110 түтүнү Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40ы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө карайт. 

[su_image_carousel source=»media: 39585,39586,39587,39588,39589″ crop=»none» autoplay=»4″]

Өткөн жылдын күз айларында Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров, Жалалабатэлектро ААКнын башкы директору Дурусбек Рахманов баш болгон кызматкерлер кандай гана жол менен болбосун Жазы-Кечүүгө электр энергиясын жеткирүү маселесин талкуулашкан. Бул аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын урматына бүткөрө турган негизги иш-чара катары Назаров тарабынан белгиленген болчу. Натыйжада, 2020-жылдын күз айларында эл электр энергиясы менен камсыз болот деген убада берилген.

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому өзүнүн күчү, өзүнүн каражаты менен аталган айылга электр энергиясын жеткирүү жумуштарын колго алып, 25 миллион сомдук долбоор даярдашкан.

Кыргызстанда учурда төрт айылдын тургундары электр жарыгы жок жашайт. Алардын үчөөнө былтыр күн нурунан кубат алуучу жабдыктар берилген. Алдыда Баткендин Зардалы айылына электр тогун жеткирүү пландалууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>