Алтын буюмдарды уурдаганга шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды — сүрөт

Алтын буюмдарды уурдаганга шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды — сүрөт

Милиция кызматкерлери 16 жаштагы өспүрүмдү уурулук кылган деген шек менен кармашты. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү тургун М.К. анын үйүнө кирип, алтын, күмүш зер буюмдарын жана башка жеке буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Бул факт Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси «Уурулук» боюнча катталган. Учурда сотко чейинки иштер жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>