Site icon Reporter.kg

«Алтын казына» тойканасындагы өрт толугу менен өчтү

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Жеңиш көчөсүндөгү «Алтын казына» тойканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 15:08де чектөөгө алынган, саат 16:10до толук өчүрүлгөн.

Натыйжада кафенин 40 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.

Exit mobile version