Site icon Reporter.kg

Алтын өндүрүүчү ишканалардан түшкөн салык эки эсеге өстү

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында алтын өндүрүүчү ишканалар республикалык бюджетти киреше салыгы түрүндө 4 миллиард 299 миллион 413,6 миң сомго толукташты. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен сентябрь айында бюджетке 656 миллион 623,6 миң сом түшкөн.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу алтын казуучу компаниялардын кирешесине салыктан түшкөн киреше 2 миллиард 212,8 миллион сомдон дээрлик эки эсеге өстү.

Каражаттын баары республикалык бюджетке түшкөн. 

Exit mobile version