Site icon Reporter.kg

Алтын-Ордо конушуна 480 орундуу мектеп курулат

Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушуна 480 орунга ылайыкталган мектеп курулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгаша турган жалпы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүткөн. Жарыяланган тендер Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашат.

Тендердеги алгачкы сметалык баа 122 миллон 565 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылат.

 

Exit mobile version