Алтын-Ордо конушунда турак үй өрттөнүп, бир адам жабыркады

Алтын-Ордо конушунда турак үй өрттөнүп, бир адам жабыркады

Бишкек шаарынын Алтын-Ордо жаңы конушунунда турак үй өрттөнүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

31-майда жаңы конуштун Акматов көчөсүндөгү №97 турак үйдөн чыккан өрт саат 14:02де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен эркек бала (аты-жөнү такталууда) күйүк жаракат алган.

Өрт өчүрүүчүлөр жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>