Site icon Reporter.kg

Алтын үчүн күрөш: Жоламан Шаршенбековдун атаандашы ким?

Бүгүн, 13-сентябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков (62 кг) дүйнө биринчилигинин финалында алтын байге үчүн күрөшөт.

Ал финалдык беттеште болгариялык Эдмонд Армен Назарян менен күч сынашат. Шаршенбековдун атаандашы 20 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон (55 кг). Ал эми быйыл Европанын биринчилигинде күмүшкө татыган (60 кг). Ошондой эле ал 2018-жылы жаш өспүрүмдөр арасындагы олимпиада оюндарында коло байге уткан (45 кг).  Ал эл аралык ири мелдештерге 2017-жылдан тарта катыша баштаган.

Жоламан Шаршенбеков быйыл 23 жашка толот. Шаршенбеков үчүнчү ирет дүйнө чемпионатынын финалына чыгып жатат. Ал буга чейин эки ирет дүйнө чемпионатынын күмүш медалына татыган (2018-жылы (55 кг), 2021-жылы (60 кг). 2020-жылы Дүйнө кубогун жеңген, быйыл Азиянын чемпиону болду. Мындан тышкары ал бир нече эл аралык мелдештерди жеңип, байгелүү орундарды алган.

Эскерте кетсек, финалдык беттештер бүгүн саат 22:00до башталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version