Алтынай Өмүрбекова атасы бычактап ооруканага түшкөн баладан кабар алды

Алтынай Өмүрбекова атасы бычактап ооруканага түшкөн баладан кабар алды

Бүгүн, 10-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ооруканага барып, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен 9 жаштагы баланын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматтар боюнча, баланын абалы оор, бирок эсине келип, көзүн ачты.

Алтынай Өмүрбекова балага тез сакайып кетишин айтып, балага квалификациялык медициналык жардам берүүнү, тиешелүү дары-дармек менен камсыз кылууну, психологиялык жактан жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдар тараптан бардык зарыл болгон жардамдар берилерин белгиледи.

Медицина кызматкерлери кайдыгер карабаган жарандардын бардыгына, жапа чеккен баланы колдоо үчүн акча каражатын чогултууну демилгелегендерге ыраазычылык билдиришти. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, акча каражатын чогултуунун зарылдыгы жок. Балага толук кандуу медициналык жардам берилип, бардык тийиштүү дары-дармектер жана башка зарыл каражаттар менен камсыздалган.

Ушул жылдын 6-мартында Бишкектин тургуну үй-бүлөлүк жаңжалдан улам аялы менен баласын бычактап, өзү асынып алган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ  көк кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен бычакталган аялдын  сөөгүн жана жуунучу бөлмөдөн эркек кишинин сөөгүн табышкан. Бычактан жаракат алган жаш бала тез жардам унаасы аркылуу Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>