Алтынай Өмүрбекова JDS программасынын стипендиаттары менен жолукту

Алтынай Өмүрбекова JDS программасынын стипендиаттары менен жолукту

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова JDS программасынын стипендиаттары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн мааалымат кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия сунуш кылуу» (JDS)  долбоору боюнча Япониянын жогорку окуу жайларына магистрдык программа боюнча сынак аркылуу окууга өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен баарлашты.

Аталган долбоор 2007-жылдан бери жүзөгө ашырылып келе жатат. Бүгүнкү күндө JDSнын стипендиаттарынын 13чү тобу түзүлгөн. 

«JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик башкаруу тутумунда маанилүү позицияны ээлейт. Бул долбоорду ишке ашыруу эффективдүү болуп жатат, коюлган максаттар менен милдеттерге жетүүгө болоорун көрсөтүп турат», — деди Өмүрбекова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>