Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды. Бул тууралуу “Репортерго” өздүк булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча бүгүн, 26-январга суракка чакырылган.

Аида Исмаилова учурда сурак берүүдө.

Белгилей кетсек, Алтынай Өмүрбекова 2018-жылдан 2020-жылга чейин вице-премьер болуп иштеген, Аида Исмаилова ал кеткенден кийин апрель айынан октябрга чейин аталган кызматты аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>