Алтынай Өмүрбекова: Ноокатта коронавируска чалдыккандар аял кишилер болгон

Алтынай Өмүрбекова: Ноокатта коронавируска чалдыккандар аял кишилер болгон

Коронавирус жуктурган Ноокат районунун 3 тургуну  Сауд Аравиясынан Кувейт аркылуу Ошко келишкен. Аталган маалыматты вице-премьер Алтынай Өмүрбекова парламенттин көпчүлүк коалициясына отчет берип жатып айтты.

“Вирус жуктургандар Ноокат райоунунун эки айылынан болот. Алар  Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып эки башка каттам аркылуу Ошко учуп келишкен. Үчөө тең 67, 71 жана 77 жаштагы аялдар болгон”, — деди Өмүрбекова.

Буга чейин Reporter.kg басылмасына өздүк булактар кабарлап, ооруну жуктургандардын экөө эркек, бирөө аял киши экендиги найткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>