Site icon Reporter.kg

Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу – 2023” сынагына катышууда — видео

“Аалам сулуусу – 2023” эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Алтынай Ботоярова катышып жатат.

Мелдештин уюштуруучулары өлкөнүн атын туура эмес айткандары үчүн Алтынай менен Кыргызстандан кечирим сурашты.

Алтынай Ботоярова сулуулук сынагында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирин билдирди. Ал зомбулукка каршы позициясын кийген кийими аркылуу да көрсөткөн.

Кыргызстандык Алтынай Ботоярова Жаңы Орлеанда өтүп жаткан сулуулук сынагында тартылган сүрөт жана видеолор менен социалдык тармактарда бөлүшүүдө.

12-14-январь күндөрү Жаңы Орлеанда (АКШ) 71- «Аалам сулуусу» сулуулар сынагы өтүп жатат. Ага 86 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Жыл сайын уюштуруучулар улуттук кийимдердин сынагын өткөрүп келишет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version