Site icon Reporter.kg

Алтынай Өмүрбекова жаңы кызматка дайындалды

Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалат.

Буга чейин аталган кызматты Паиза Сүюмбаева аркалап келген.

Алтынай Өмүрбекова буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын вице-премьер-министри болгон.

Exit mobile version