Site icon Reporter.kg

Алтынбек Бегалиев Мамкурулуштун директорунун орун басары болду

Бегалиев Алтынбек Чолпонбаевич Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койду.

Президенттин Администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы  Айбек Жунушалиев жаңы орун басарды жамаатка тааныштырды.

Алтынбек Бегалиев 1986-жылы Ысык-Көл районунун Григорьев айылында туулган.

Exit mobile version