Алтынбек Сулайманов, №5: “Эл макулга мен макул”. Сүрөт баян

Алтынбек Сулайманов, №5: “Эл макулга мен макул”. Сүрөт баян

Алтынбек Сулаймановдун үгүт иштери Ноокат районунда уланууда. Бүгүн, 20-ноябрда талапкер Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушуп, элдин жашоо турмушу менен жеринен таанышып чыкты.

Сулайманов шаардын аймагын түрө кыдырып, элдин суроо-талаптарын укту. Жергиликтүү жашоочулар социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, талапкерге бир канча сунуштарды да айтканга жетишишти.  Өз кезегинде Алтынбек Сулайманов “Альянс” партиясынын программасын тааныштырып, өлкөнү экономика, мамлекеттик башкаруу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын реформалоо аркылуу өнүктүрсө боло турганын билдирди.

Шаардыктар алдыда жергиликтүү маселелерден тарта мамлекеттик деңгээлдеги айрым көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошо турган эл өкүлдөрүнүн келишин күтүп жатканын айтышты. Ошондой эле өлкө Сулайманов сыяктуу калктын кызыкчылыгын көздөгөн инсандарга муктаж экенин баса белгилешти. Алтынбек Сулайманов колдоо көрсөтүп, ак батасын берген шаардыктарга ыраазычылык билдирип, элдин көйгөйү эсте болорун айтты.

АЛЬЯНС — 3 ☑ — БИР КҮЧ!

Алтынбек Сулайманов – 5 ☑

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 20-ноябрь, 2021-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>