Алтынбек Сулайманов: Бүгүнкү күндө “Абил бийлер” жаман көбөйдү

Алтынбек Сулайманов: Бүгүнкү күндө “Абил бийлер” жаман көбөйдү

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйын өтүп жатат. Анда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламент шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карабай, кабыл албай жатканына нааразылыгын билдирди.

“Кечээки окуяга негиз болгон маселени карайлы десек сиздер башка ар түрдүү жактарга буруп жатасыздар. 120 көп деп жатасыздар. Анда 120 депутат эмнеге отурабыз, таркап кетели анда! 120 депутат беш жыл сонун отурдуңар. Бири-бириңерди мактап, кошоматчылыкты кылып отурушат. Эми бүгүн, силердин мөөнөт бүткөндө 120 көп болуп калдыбы? Бүгүнкү күндө “Абил бийлер” жаман көбөйдү. Төрт-беш президенттин башын жеген “Абил бийлер” бүгүн да “Мындай кылып койсок боло берет” деп “Сынган кылычтагы” Абил бийди айтып жатам, окугандар билип, түшүнүп жатасыңар. Жол ачып бермейлер. Конституцияны бузган эң оор кылмыш экенин унутпагыла!”, – деди эл өкүлү.

Сулайманов шайлоо мыйзам долбооруна үч түзөтүүнү киргизүүнү сунуштоодо: шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү жана күрөөнү 1 млн сомго чейин түшүрүү, ошондой эле No2 формасын алып салуу.

Белгилей кетсек, 20-декабрда жаңы парламенттик шайлоо өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>