Site icon Reporter.kg

Алтынбек Сулайманов: Биздин программа алдыдагы 5 жылдык иштердин артыкчылыктуу багыттарын камтыган

“Биздин программа – жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттарын камтыган”. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” аттуу форумунда, партия лидери Алтынбек Сулайманов программа менен тааныштырып жатып билдирди.

“Биз лидерлер, чемпиондор менен биргеликте келечекте 5 жылга карата кандай иштерди жасайбыз, кандай ийгиликтерди жаратабыз, өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай багытта жол алабыз деген программаны сунуштап жатабыз. “Бир Бол” партия катары жаңыланды жана ар бири өз тармагынын лидерлери болгон адамдардан түзүлдү. Алар — өз тарамагында күчүн, жаратмандыгын, ийгиликтерин көрсөткөн, билимдүү жана дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерде окуган, мекенине келип ийгиликтерди жарата алган жаңы жүздөр. Биздин команда бийлик бутактарына же парламентке келсе ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздү туңгуюктан алып чыгарына ишенем”, — деди Сулайманов.

Ал реформалар тез арада жасалышы керектигин кошумчалады.

“Биз популисттик эмес, абдан оор жана татаал кадамдарды сунуштайбыз”, -деди партия лидери.

[su_image_carousel source=»media: 40618,40619,40617,40615″ crop=»none» autoplay=»4″]

Иш-чара Бишкектин четиндеги гольф клубда өтүп жатат. Форумдун максаты – элге партиянын программасын тааныштыруу. Анда жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттары камтылган. Алар: экономикалык өнүгүү, эффективдүү мамлекеттик башкаруу, сапаттуу билим берүү жана маданиятты жогорулатуу, сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо кызматы, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика багыттары.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 11-сентябрь, 2020-жыл.

Exit mobile version