Site icon Reporter.kg

Алтынбек Сулайманов географияны мыкты билген кишинин паспорт алышына жардам берди – видео

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов география жаатындагы билими менен көпчүлүктү таң калтырып, интернет жылдызына айлаган Кайрат аттуу үй-жайсыз адамдын паспорт алышына жардам берди. 

Бул тууралуу депутат өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына видео жарыялап, Кайрат мырзанын паспорт алганына кубанып жаткан учурун эл менен бөлүшкөн.

“Көпчүлүк мага окшоштуруп жаткан Кайратка бүгүн паспорт алдык. Бул жаңы жашоого болгон алгачкы кадам. Буюрса, жакынкы күндөрү Кайраттын дагы башка ийгиликтерине күбө болосуздар”, – деп жазган ал.

Буга чейин Кайрат мырзага Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев комендант болуп турган учурда жолугуп, азык-түлүк алып барып берген.

Exit mobile version