Site icon Reporter.kg

Сулайманов: Бизди каралагандар көбөйдү. Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүүнү бүгүнкү күн тартибине киргизип койсок. Анткени социалдык тармактарда Саймаити тууралуу көп сөз болуп жатат. Анын өлүмү тууралуу коомчулукта сырдуу, жаңы жагдайлар ачылып жатат. Мени, депутаттарды каралаган күчтөр көбөйдү. Алаксытуучу күчтөр бул маселени башка жакка бургусу келип жатат. Ошондуктан бул маселени иликтеп, Саймаити ким?, Кыргызстанга качан келген?, Кантип кыргыз паспорттун алган? Элчиликтин унаасында кантип жүргөн? Ким менен дос, душман болгонунун бардыгын иликтеп, чыгууга убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм. Бул ишти жасап коюп, башка жакка бурам дегендер адашып жатат», — деди Сулайманов.

Сулаймановдун сөзүн депутат Жанар Акаев улап, депутаттык комиссия Саймаитинин ишин сөсүз иликтөөгө алышы керектигин баса белгиледи.

«Түркиядагы биздин элчилик Кыргызстандын атына көлөккө түшүрүп жатат. Учурдагы саясий күчтөр бирине-бири оодарганы туура эмес. Биз бир дагы саясий топтун кызыкчылыгын көздөбөшүбүз керек», — дейт Акаев.

Мындан тышкары депутат Төрөбай Зулпукаров дагы Сулаймановдун сунушу колдоого алаарлык экенин кошумчалады.

Учурда «Бир-Бол фракциясы депутаттык комиссия түзүү үчүн чечим даярдап жатышат.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. 

“Үмүт 2020″саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын иликтөөсүнөн кийин анын кыргыз саясатчылары менен байланышта болуп келгендиги ачыкталган.

 

Exit mobile version