Site icon Reporter.kg

Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болду

Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчы бүгүн, 24-февралда, Алтынбек Сулаймановду кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Белгилей кетсек, Алтынбек Сулайманов «Альянс» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты болчу.

Exit mobile version