Алтынбек Сулайманов Россиядан 36 дарыгердин каражатын төлөп алып келе жатат

Алтынбек Сулайманов Россиядан 36 дарыгердин каражатын төлөп алып келе жатат

Россиядан 36 кыргыз дарыгери өз ыктыяры менен Кыргызстанга жардамга келишет. Алардын учак билеттерине, бейтаптарды дарылоо үчүн алып келе жаткан дары-дармектерине кеткен чыгымдарды депутат Алтынбек Сулайманов толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле эл өкүлү врачтарды 1 ай бою жашай турган мейманкана жана тамак-аш менен дагы камсыз кылат.

“Бул иш-чараны уюштургандардан Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Өмүралиева Эльвирага, мекендештерибиз Нургуль Камбаралиевага, Нурлис Токебаевге жана Кыргызстанда салым кошкон Индира Безеловага, Айжан Чыныбаевага, Мирбек Асангариевге, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго, Өкмөт башчысы Кубатбек Бороновго, уюштуруу иштерин тездетүүгө салым кошкон Саламаттыкты сактоо министрлигине, ошондой эле жакшы күндөрдө да, оор күндөрдө да элибизди колдоп келген диаспора өкүлдөрүнө, мигранттарыбызга терең таазим!

Мен анестезиолог-реаниматолог Эльвира Турсункалиевна жана элчи Аликбек Жекшенкулович менен кеңешип, бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, учак билетинин жана 1 ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын чыгымдарын өз мойнума алдым.

Азыркы кырдаалда ар бирибиз элибиз үчүн колубуздан келген жардамыбызды аябоо — эң маанилүү. Жалпыңыздарга ден-соолук, аманчылык каалайм!”-деп жазды А.Сулайманов интернеттеги баракчасына.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>