Алтынбек Сулайманов: Шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүп, күрөөнү азайтуу керек

Алтынбек Сулайманов: Шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүп, күрөөнү азайтуу керек

Кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында мыйзам менен шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүп, күрөөнүн өлчөмүн азайтуу керек.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир-Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан парламенттин кезексиз жыйынында айтты.

Эл өкүлү кайра шайлоо өткөрүү убактысын мыйзам чегинде 6-ноябрдан кечиктирбей белгилөө керектигин  жаңы шайланган төрагага эскерип өттү.

“Өлкөдөгү толкундоо шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыктан улам келип чыкты. Ошол учурда 30 миңден ашык адам аянтка чыгып, шайлоону жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү боюнча бир гана талап койгон. Бирок муну эч ким уккан эмес. Биз эртең жаңы мыйзамды даярдайбыз, сиз депутатарды жыйнап берүүңүз керек. Мыйзам долбоорунда үч гана маанилүү маселе камтылат.  №2 форма менен добуш берүүнү жок кылуу, шайлоо босогосун 3 пайызга чейин түшүрүү жана шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн ылдыйлатуу. Бул менин талабым эмес элдин талабы. Бардык патияларга эркин атаандашууну камсыз кылып бериңиз”, – деп кайрылды Алтынбек Сулайманов жаңы төрагага.

https://www.facebook.com/100003316403938/posts/3439377956182717/

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>