Алтынбек Сулайманов: Шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү керек

Алтынбек Сулайманов: Шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү керек

Шайлоо босогосун үч пайызга чейин ылдыйлатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору 21-октябрда парламенттин жалпы кароосуна коюлат. Бул тууралуу 20-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жыйында сүйлөп жатып парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

«Биз үч түзөтүү киргизели деп жатабыз: шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү жана күрөөнү 1 млн сомго чейин түшүрүү, ошондой эле No2 формасын алып салуу. Ушул пункттарды кабыл алалы, эгер 7% калтырсак, анда дагы саясий оюндар болот», – деди ал.

No2 формасы тууралуу сүйлөп жатып, 3 партия административтик ресурсту колдонгонун билдирди.

«Студенттердин, ички мигранттардын укгун коргоо менен No2 форманы киргизгенбиз, бирок бул No2 форманы жокко чыгарууну турмуш көрсөтүүдө. Бул шайлоодо 500 миң киши шайлоо тилкесин өзгөрткөн, шайлоо участкасына жете албайм дегендер шайлоо күнүнөн бир күн калганда добуш беришет. Алардын саны 100 миң, 400 миңге жакын админ ресурс аркылуу добуштар 3 партиянын чөнтөгүнө түшкөн. Жалпы 1 млн шайлоочу. 107 мандатты 3 партия алып койду дагы, 13 мандатка 13 партия салгылашты. Бул теңсиздик, бул басмырлоо. Шайлоонун босого баллын 3 пайызга түшүрүү керек деп турабыз, кээ бир партиялар 5 пайыз дешүүдө. Биз бул мыйзам долбоорун тез арада кабыл алып берүү керекпиз. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясы күтүп жатат.

Ошондой эле келечекте партиянын тизмесиндеги талапкерлерди түз шайлоо болушу зарыл. Тактап айтканда, бир мандаттуу болушу абзел», — деди Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>