Site icon Reporter.kg

Алтынбек Сулайманов шайлоого бир мандаттуу округдан эмес, партия менен барат

“Мен Кыргызстан деген чоң океанда, “Альянс” деген кемеде сиздер менен чогумун”. Мындай пикирин  “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алтынбек Сулайманов бүгүн, 12-октябрда “Альянс” саясий партиясынын III кезексиз съездинде сөз сүйлөп жатып билдирди. Алтынбек Сулайманов өзүнүн акыркы чечимин ачыктап, шайлоого бир мандаттуу округдан баруудан баш тарткандыгын айтты.

“Мен бир мандаттуу шайлоо округунан барууну тандагам. Шайлоодон жеңип чыкканга толук мүмкүнчүлүгүм бар эле. Элдин мени колдоп турганын көрүп турасыздар. Мага оппонент дагы чыккан жок. Аттуу-баштуулар мени колдоорун айтып, шайлоого талапкер болуудан баш тартышты. Ошого карабай бир мандаттуу шайлоо округунан ат салышпай турган болдум. Мен Кыргызстан деген чоң океанда, “Альянс” деген кемеде сиздер менен чогумун. Ал кеме кандай сүзөт, ал биздин иштегенибизге жараша болот. Ошондуктан урматтуу партиялаштар, биз күчтүүбүз, биз сөзсүз ийгиликке жетебиз. Теңдик, эркиндик, эркин атаандашуу биздин негизги максат”, — деди Сулайманов.

Exit mobile version