Алтынбек Сулаймановдун суроосуна жаңы өкмөт башчы жооп бере алган жок

Алтынбек Сулаймановдун суроосуна жаңы өкмөт башчы жооп бере алган жок


Шайлоонун жыйынтыгына карата нааразычылык партиялык системадан эмес, эркин атандашуунун жоктугунан келип чыкты. Мындай пикирди парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясындагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитүү учурунда айтты.

Кезексиз жыйында сөз сүлөгөн Алтынбек Сулайманов Садыр Жапаровдон парламенттик шайлоону өткөрүү туралуу пикирине кызыкты.

Эл өкүлүнүн суроосуна жооп берген Садыр Жапаров өлкөдө болуп жаткан соңку окуяларды парламенттин шайлоо системасына байланыштырып, эл бир мандаттуу шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатканына токтолду.

Жапаровдун бир мандатуу шайлоо өткөрүү пикирине каршы чыккан Алтынбек Сулайманов, маселе башкада экенин айтып, конституциянын негизинде гана шайлоо өткөрүү керектигин белгилеп өттү.

“Маселе партиялык система менен шайлоо өткөрүүдө эмес, эркин атаандашууга жол берилбегендиктен келип чыкты. Эгер админресурс, добуш сатып алуу, №2 форма сыяктуу көрүнүштөр жок болуп, баары адилетүү болгондо мындай маселе жаралмак эмес. Эми сиздин адилетүү шайлоо өткөрүп берүү боюнча позицияңыз кандай болот?”, – деп сурады Сулайманов.

Садыр Жапаров депутат Алтынбек Сулаймановдун суроосуна так жооп бере албай, баарын саясий күчтөр менен кеңешип чечүү керектигин билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>