Site icon Reporter.kg

Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин жарлыгына ылайык, Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Алтынбек Жумаев президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигине былтыр жыл аягында дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version