“Альянс” №3: “Биздин душман – коррупция, кошоматчылык, кымбатчылык”

“Альянс” №3: “Биздин душман – коррупция, кошоматчылык, кымбатчылык”

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү соңуна чыгып калды. “Альянс” партиясынын талапкерлери өлкөнүн аймактарын түрө кыдырып, шайлоочулар менен байма-бай жолугушууларды өткөрдук. Сиздер менен жүз көрүшүү биз үчүн ар дайым абдан кубанычтуу. Сиздердин чечилбей жаткан көйгөйлөр көп. Аларды угуп зээнибиз кейиди. Күжүрмөн элибиз кыйынчылыктарга моюн сунбай, талыкпаган эмгек менен жашоосун кечирип жатканы – моюнга арткан жоопкерчиликти эселеп сездирет. Ошого карабай кайсы жакка барбайлы жылуу тосуп алып, батаңарды берип алкап, колдоп жатканыңарга рахмат айткыбыз келет.  Шайлоочуларыбыздын ишеними бизге канат байлап, күч берип, кубаттандырат.

Бирок биз сиздер менен жолукканда жүзүбүз жарык жүрдүк. Анткени арабызда арам ишке аралашып, аты булганган адамдар жок. “Альянс” партиясынын талапкерлеринин басып өткөн жолу түз жана таза. Биздин партиялаштар, алардын арасындагы мурдагы депутаттар, ар дайым эл мүдөөсүн жогору коюп, акыйкаттык үчүн күрөшкөн инсандар. Эч кимден коркпой, эч кимге кошомат кылып жагалданган эмеспиз. «Альянста» ар тармакта ийгиликке жеткен мыктылар топтолгонун, алар сиздердин ишенимди актай турганын баса белгилеп айтып  келебиз. Биздин биринчи жетишкендик – “Альянс” партиясына сиздер каалаган, сиздер күткөн  талапкерлер чогула  алганыбыз.

“Альянс” партиясынын максаты – мансап, бийлик эмес, парламенттин жүзүн өзгөртүү. Элге керектүү мыйзамдарды чыгарып, депутаттын кадыр-баркын көтөрүү.  Аброю түшкөн парламенттин сапатын арттыруу.

Биздин душман – бизге атаандаш партиялар эмес. Биздин душман – коррупция, кошоматчылык, кымбатчылык, абанын булганышы ж.б. экономикалык, саясий жана социалдык маселелер. Ошондуктан үгүт өнөктүгүндө аталган көйгөйлөрдү чечүү чараларын сиздерге   түшүндүрүүгө болгон күчүбүздү жумшадык. Биз бул убакытта өзүбүздүн көз караш, багыт, позициябызды сиздерге жеткире алдык деп ишенебиз.

Күчтүү депутат – күчтүү мыйзам. Күчтүү мыйзам – гүлдөгөн  Кыргызстан! Биздин ишенимде ушул принцип менен өлкөбүз Борбор Азия чөлкөмүндө гана эмес, дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдун катарына кире алат. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. Биздин биринчи байлык – биздин эл.  “Альянс” партиясы элдин жашоосун жакшыртып, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн болгон аракетин жумшайт.

Бизди түшүнүп, колдоп, үмүт артып жаткан жалпыңыздарга ыраазыбыз. “Альянс” партиясы үчүн добуш берем деп камынып жаткандарга алдын ала ыракмат айтабыз. Сиздердин ар бир добушту актап беребиз деп ишенимдүү билдиребиз.

Жалпы кыргызстандыктарды 28-ноябрь күнү шайлоо тилкесине келип, жарандык милдетиңиздерди аткарып кетүүгө чакырабыз. Сиздердин келечек – берген добушуңуздан көз каранды!

Парламенттик шайлоо  таза жана адилет өтөт деп ишенебиз. “Альянс” – өнүгүү өзүбүздөн башталат!

 

«Альянс» партиясы – №3. БИР КҮЧ!

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>