“Альянс Алтын” ишканасы Талас облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 320 жардам баштыкчасын таркатты.
Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр Бекмолдо айыл аймагындагы социалдык жактан муктаж болгон тургундарга таркатылган.
Белгилей кетсек, Талас облусундагы Жерүй алтын-кенин иштетүү укугуна ээ болгон «Альянс Алтын» компаниясы жыл сайын жардамга муктаж болгон жергиликтүү тургундарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана жергиликтүү карапайым калкка материалдык жардамдарды көрсөтүп келет.