Site icon Reporter.kg

«Альянс Алтын» бюджетке канча салык төккөнүн айтып берди

«Альянс Алтын» компаниясы ишин баштагандан тартып 2022-жылдын 30-июнуна чейин мамлекеттик бюджетке 13 миллиард 200 миллион сом, анын ичинде 5 миллиард 964 миллион сом сынактык төлөм төлөгөн. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча 7 миллиард 236 миллион сом, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн каражаттан 4 миллиард 671 миллион сом төлөндү.

«Альянс Алтын» ишканасы жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 448 млн  сом төлөгөн, анын ичинен:

Талас облусун өнүктүрүү фонду – 224 млн сом

Талас районунун өнүктүрүү фонду- 135 млн  сом

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду- 89 млн  сом.

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы 500 башка компаниялардын ичинен алдыңкы он салык төлөөчүнүн катарына кирди.  Ал эми өзгөчө салымы үчүн «Альянс Алтын» компаниясынын экономика жана финансы боюнча башкы директорунун орун басары Нурсултан Улукбековго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын министринин орун басары Исламбек Кыдыргычовдун колунан Ардак төш белги жана грамота тапшырды.

 

Exit mobile version