“Альянс Алтын” ишканасы дарыгерлерге дагы гумжардам көрсөттү

“Альянс Алтын” ишканасы дарыгерлерге дагы гумжардам көрсөттү

Бүгүн, 24-апрелде “Альянс Алтын” ишканасы Талас облсундагы дарыгерлерге кайрадан гуманитардык жардам көрсөттү.

Жалпысынан  компания тарабынан Талас облусундагы дарыгерлерге коргоочу костюмдар, респиратордук беткаптар, мээлей, коргоочу көз айнектер, бахилалар берилген. Алардын ичинен 100 даана респиратордук коргоочу костюмдар санитардык-карантин пунктарындагы кызматкерлерге берилген.

Өкмөттүн Талас облсундагы өкүлү Марат Мураталиев “Альянс Алтын” ишканасы обулс аймагына коронавирустун жайылышын алыдан алуу жаатында сезилээрлик колдоо көрсөтүп жатканын белгилеп өттү.  

«Өзгөчө кырдаал жарыяланган биринчи күндөн баштап Жерүй кенинен алтын өндүргөн компания ыкчам аракттерди көрүп, облус тургундарына, дарыгерлерге көмөк көрсөтүү үчүн акция башташты. Биздин бардык суранычтарыбыз аткарылды”, — деди ал.

“Альянс Алтын” буга чейин бир нече жолу Талас облусунун тургундарына азык-түлүк, медицина кызматкерлерине коргоочу каражаттарды гуманитардык жардам катары берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>