«Альянс Алтын» ишканасы Таластагы ооруканага өпкөнү жеңил дем алдыруучу аппарат тапшырды

«Альянс Алтын» ишканасы Таластагы ооруканага өпкөнү жеңил дем алдыруучу аппарат тапшырды

Бүгүн, 11-аперль күнү Талас облустук ооруканасына коронавирус менен күрөшүү максатында «Альянс Алтын» ишканасынын акционерлери тарабынан каржыланган 16 миллион сомго өпкөнү жеңил дем алдыруучу искусстволук аппараты жеткирилди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта ылайык, RS-300 жабдыгы менен биргеликте 160 даана респиратор дагы алынып келинген.
Аталган жабдык коронавирустан жапа чеккен адамды сактап калууда чоң ролду аткарат. Анын баасы 25 миң доллардын тегерегин түзөт . Бүгүнкү күндө аталган аппаратка суроо-талап жогору. Ошол себептен анын жетишсиздиги байкалууда.

«Алтын Альянс» ишканасынын маалымат катчысы Касиет Карачолокованын айтымында, бир аппаратты таап, алып келүүгө бир нече апта керектелген.

«Биздин кызматкерлер аны алып келүү үчүн көптөгөн өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ар бир өндүрүүчү өлкө аппаратты биринчи кезекте өзү үчүн чыгарат. «Алтын Альянстын» логисттери Кытай менен келишим түзүп, издөөлөр ийгилик менен аяктады. Бул Талас ооруканасына көп жылдар бою кызмат кыла турчу жаңы аппарат», — деп маалымдады ал.

Эске сала кетсек, буга чейин региондо коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында «Жерүй» алтын кенин иштетип жаткан «Алтын Альянс» ишканасы Таласка гуманитардык жардам жөнөтүп, облусту дезинфекциялоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзгөн.

Бүгүнкү күндө Талас облусунда коронавирусту жуктурган учур каттала элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>