Site icon Reporter.kg

“Альянс Алтын” компаниясы металлургия күнүнө карата спартакиада өткөрдү — видео

 “Альянс Алтын” ишканасы 30-31-августта кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрдү. Бул иш чара жумушчулардын ден-соолугун чындоо, спорт менен машыгууга жана ич-ара байланышты, ынтымакты өркүндөтүүгө багытталган. 

Өндүрүш боюнча башкы директордун орун басары Константин Чуприн мелдешке алты команда (ар биринде 19 адам) катышканын айтты. Программада спорттун төрт түрү камтылган. Футбол жана волейбол мелдештериндеги жеңиш үчүн 20 миң сом, экинчи орунга 15 миң, үчүнчүсү 10 миң сомго ээ болушту. Эки турнирди тең алтын казуучу фабриканын командасы утуп алган. Шахмат жана стол тенниси боюнча мелдеште биринчи орунду алгандарга беш миң сомдон, күмүш медалдын ээлерине үч миңден, коло үчүн эки миң сомдон тапшырылды. Шахмат боюнча мелдеште Чыңгыз Бадачиев, стол тенниси боюнча Жалкын Исмаилов мыкты болду.

Мындан тышкары, Талас алтын кен комбинатынын 20 мыкты кызматкери фирмалык жилеттер менен сыйланды. Аларды Токио Олимпиадасынын катышуучулары үчүн формаларды даярдаган компания тиккен.

“Альянс Алтын” кишканасынын бардык бөлүмдөрүндө эмгектенгендер жана спорттук фестивалдын айрым катышуучулары Ардак грамоталар менен сыйланышты. “Көңүл бурулбай калган эч ким болгон жок”, — деди Константин Чуприн.

Кыргызстандын металлургдары кесиптик майрамын жыл сайын июлдун үчүнчү жекшембисинде белгилешет. Бирок курч эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу июль айында спартакиада өткөрүлбөй калган. “Оюн абал оңолгонго чейин жылдырылды жана натыйжада ал шахтерлор күнүнө (29-августта белгиленет) жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө (31-август) туура келди. Саамалыктын максаты – коллективдеги ынтымакты арттыруу жана сергек жашоо образын жайылтуу”, — деди “Альянс Алтындын” башкы директорунун орун басары Арна Тыналиева.

Exit mobile version