“Альянс Алтын” Таласка керектүү медициналык жабдууларды сатып берди

“Альянс Алтын” Таласка керектүү медициналык жабдууларды сатып берди

“Альянс Алтын” ишканасынын акционерлери коронавирус илдети жана пневмониядан дарыланып жаткан бейтаптар үчүн Талас облусунун ооруканаларына керектүү жабдууларды алып берди.

Буга чейин Талас облусунда коронавирус жана пневмония менен күрөшүүдө аппараттар жетишсиз экендиги айтылган. Компания таластыктарга үч BiPAP аппаратын, (мурда Таласта мындан төртөө гана болчу), 20 кислороддук концентрат жана 20 пульсоксиметр тапшырды. Бардык аппарат тез арада региондук медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилген.
[su_image_carousel source=»media: 34788,34789,34790″ crop=»none» autoplay=»4″]COVID-19 илдети Кыргызстанда жайыла баштагандан бери “Альянс Алтын” компаниясы медкызматкерге жана элге колдоо иретинде 16 млн сом бөлүп берген. “Бакубат Талас” фондунун жетекчиси Умар Анарбаевдин айтымында компания өлкөдөгүү оор убакта Талас жергесине жардам берүүсүн улантат.

“COVID-19 илдети Кыргызстанга келгенден бери “Альянс Алтын” жана “Бакубат Талас” фонду 16 млн сом бөлүп берген. Ал каражаттын 1 млн сомуна Түркиядан аппараттар алынды, учурда 7 млн сом калды. Бул аябай чоң жардам, бирок бул дагы жетишсиз. Ага карабай биз жардам берүүнү уланта беребиз”, — дейт Анарбаев.
[su_image_carousel source=»media: 34791,34792,34793″ crop=»none» autoplay=»4″]Талас облуунун жетекчиси Марат Мураталиев компанияга ыраазычылыгын билдирип, учурда мындай жардам жергиликтүү калк үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

“Бүгүн “Альянс Алтын” ишканасы биз буйрутма берген керектүү жабдууларды алып келип тапшырды. Буга чейин “Алтын Альянс” 10 млн сом, “Бакубат Талас” фонду 6 млн сом бөлүп беришкен. Азыркы учурда 1 млн сомго 20 кислороддук концентратор жана 20 пульсоксиметр  сатып беришти. “Альянс Алтын” ишканасынын башкы директору Шайлообек Таировго ыраазычылык билдиребиз. Сатып алынган аппараттар бүгүн ооруканаларга жеткирилет”, — деди Марат Мураталиев.

Жергиликтүү бийликтин, калктын жана “Альянс Алтын” ишканасынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында, өлкөдө коронавирус жайылып жаткан учурда, Талас облусунда вирус катталган эмес. Азыркы учурда Талас облусу коронавирус илдети эң аз жайылган аймак. Облус боюнча 94 адамдан коронавирус табылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>