Site icon Reporter.kg

«Альянс Алтын» төрт студенттин окуу акысын төлөп берүүдө

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүндө компаниянын каржылык эсебинен окуп жаткан студенттерди майрамы менен куттуктады.

17-ноябрь кунү «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы кеңсесинде Ү. Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары университетинде билим алып жаткан төрт студентти компаниянын башкы директору Сабир Рахматов кабыл алды. Жолугушууда компаниянын жетекчиси аларды ар дайым колдорун билдирип, акыл-кеңештерин айтты.

«Студент кезде жакшы окуп, кесибиңердин мыкты адиси болуп чыксаңар жумуш ар дайым табылат. Билим гана адамды ийгиликке жеткирет. Ийгиликтүү кызматкер болсоңор үй-бүлөңөрдүн, жакындарыңардын үмүтү болуп, аларга жакшы жашоо-шартты түзүп бересиңер. Студент кезинен биздин компанияга келип, практика, стажировкадан өтүп бүгүнкү күндө эмгектенип жаткан жаш кызматкерлерибиз бар. Силер дагы терең билим алсаңар компания ар тараптуу колдоосун көргөзөт», — деди ал.

Компаниянын башкы директорунун орун басары Бектен Сыдыгалиев «Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагындагы төрт орто мектептен тоо-кен университетинде билим алууну каалаган бирден бүтүрүүчүнүн окуу акысын (контракт) төлөп берүүнү уюштурганын билдирди.

«Биздин «Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы Бекмолдо айылдык аймагындагы төрт орто мектептен төрт бүтүрүүчүсүн Бишкек шаарындагы тоо-кен университетине окутуп, бакалавр даражасындагы дипломун алганга чейин контрактын төлөп берүүнү пландаган. Бүгүн 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүндө ушул төрт студентибизди компаниянын жетекчилиги кабыл алып, окууларына ийгилик каалап, чакан белектерибизди берди. Бул студенттер жакшы окуп, мыкты адис болушса, буйруса, келечектеги биздин тоо-кен тармагындагы кесиптештерибиздин катарын толукташат деп терең ишенем», — дейт Сыдыгалиев.

Жогорку окуу жайдагы окуу акысын төлөп, камкордук кылганы үчүн студенттер компанияга ыраазы. Мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгон студенттердин бири Байболсун Стамбеков тоо-кен тармагында иштөөнү кыялданганын билдирди. 

«11-класста окуп жатканда эле тоо-кен тармагынын адиси болгум келген кыялым бар эле. Тоо-кен университетинин студенти болушум – ошол кыялыма жакындаткан алгачкы кадам. Окуу акымды «Альянс Алтын» компаниясы төлөп берип жатат. Бул дагы болсо каржылык жактан чоң жардам. Ал эми бүгүн компаниянын башкы директору бизди кабыл алып, окууларыбыз тууралуу сурап, акыл-кеңештерин айтканы биз үчүн мотивация болду. Кубанычыбыз коюнубузга батпай турат. Буйруса ЖОЖду аяктагандан кийин кыялыбыз болгон «Альянс Алтында» иштеп калабыз деген максатыбыз бар», — деди ал.

Мындан тышкары, компания келечектеги өз адистерин даярдоо үчүн ар жылы абитуриенттерге колдоо көрсөтүп турууну пландоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version