«Альянс Алтындын» директору: Эң башкы максатыбыз — комбинатты ишке киргизүү — видео

«Альянс Алтындын» директору: Эң башкы максатыбыз — комбинатты ишке киргизүү — видео

Талас облусунда жайгашкан Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Шайлообек Таиров учурда курулуп жаткан комбинаттын иши, ишканадагы кызматкерлер, пандемия учурунда кандай тартипте иштегендерин жана жеке жашоосу тууралуу баяндап берди.

Жоопкерчилик эки эсе

— Бул мезгилде жоопкерчилик эки эсе. Анткени курулуштун бүтүшүн кароо менен биргеликте жумушчуларды ишке алып, аларды окутуп, даярдоо, ошол эле учурда комбинатты ийгиликтүү иштетип кетүү керек. Эң биринчи кезекте жумушчулардын квалификациясы маанилүү. Эгерде алардын билим деңгээли жогору болсо, иш так жана сапаттуу жүрөт. Экинчиден тартип – бүгүнкү күнгө чейин катуу тартип бузууларды көрө элекмин. Жумушчулар тартипти жакшы сактоодо.

Пандемия ишти кечеңдетти

— Биздин планыбызда курулуш иштерин апрель, май айларында жүргүзүп кетебиз дегенбиз. Март айынын аягында чет элдик адистер келмек. Бирок, алар эпидемиологиялык абал оорлошо баштаганда чек аралар жабылганга чейин чыгып кетишкен, андан кийин кире албай калышты. Ошол себептен курулуш иштердин аяктоосу созулуп кетти. Өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин жеке ишкерлердин жана ишканалардын баардыгы токтоп калды. Ооруну күчөтпөө жана жайылтпоо үчүн ушундай чараларды кабыл алууга туура келди. Илдет жайылып жаткан мезгилде бир, бир жарым айдан иштеп калдык. Себеби, бул жерде бардыгы тең ден соолугу чың экендиги аныкталган адамдар гана иштеп жатты. Биз жумушчуларга бир айдан ашык иштейсиңер деп айттык. Алар бардыгын түшүнүү менен карап, иштеп жатышты.

Абал жакшырды, иш жанданды

— Учурда Кыргызстанда абал жакшырып бара жаткандыктан бизге чет элдик адистер да келди. Италиядан 3, Орусиядан 3, Щведциядан 1, Казакстандан көп адис. Азыркы күндө биздин адистердин бардыгы жогорку деңгээлде өздөрүнүн тажрыйбасы, билими бар деп ойлойм. Себеп дегенде, бизде «Кумтөрдөн», «Бозумчак», союз учурунда комбинаттарда иштеп жүргөн адистер да бар. Алар жаңы келген жумушчуларга бардыгын үйрөтүп жатат. Анткени пенсия курагына келип калган адистер кеткен учурда алардын ордуна жаштар келет.

Азыркы максат комбинатты жүргүзүү

— Азыркы максат комбинатты жүргүзүү болгондон кийин, өзүңдүн жеке иштериңди да калтырууга туура келет. Бул жерде комбинатты ишке киргизели деп канча адам кыйналып иштеп жүрөт. Анан ишкананын жетекчиси болуп туруп, үйдө жатып алуу дагы туура эмес. Үй бүлөм деле кел деп айтышат,  аларга жумушумдагы чоң жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүп айтам.

Наристе таттуу экенин неберелүү болгондо билдим

— Кыргызда сөз бар эмеспи «наристе дегенди неберелүү болгондо билесиң» деген, ошол чын экен(күлүп). Өзүм уулдуу, кыздуу болгондо биз жаш экенбизда, жумушта жүрүп көп көңүл бөлбөйсүң, балдар кантип чоңойгонун деле билбей калат экенсиң. Неберелүү болгондон кийин перзенттин ширин экенин ошондо билдим.

Тоо-кен тармагында иштөөгө билимдин кереги жок деген туура эмес

— Эгерде тоо-кенде иштеген адамдарга билимдин кереги жок десе, ал туура эмес. Мен айтар элем, жаштар тоо-кен тармагында окуп, билим алуусу абзел. Мисалы, ар бир облуста тоо-кен тармагындагы комбинаттар бар, Таласта 2-3 комбинат ачылып жатат, дагы ачылат. Биздин тоолордун бардыгы кенге бай. Качан тоодо жаткан байлык элге кызмат кылат? Эгерде биз мыкты адистерди өстүрсөк, алар жакшы иштерди алып барса, ошондо гана тоодогу байлыктар элге кызмат кылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>