Site icon Reporter.kg

“Альянс” саясий партиясынын съезди өттү (Фоторепортаж)

Бүгүн, 12-октябрда “Альянс” саясий партиясынын III кезексиз съезди өттү. Курултайга партиянын аймактык бөлүмдөрүнөн көрсөтүлгөн делегаттар жана сыйлуу меймандар катышты.

“Альянс” саясий партиясынын съездинин жыйынтыгы менен партиянын теңтөрагасы болуп Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев шайланышты. Ошондой эле Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилди.

“Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эрнис Кыязов командага саясатта, бизнесте, дипломатияда, мыйзам чыгарууда ийгиликтерди жараткандар чогулганын айтты.

“Биздин башыбызды бириктирген нерсе – эркиндик. Жашоодогу жеке адамдын эркиндиги, саясаттагы, экономикадагы эркиндик, адамдын жөндөмүнүн эркиндиги, жалпысынан ушул идеялар мага “Альянс” партиясына кошулууга түрткү берди. Ооба, алардын баскан жолун карасаң кандайдыр бир катачылыктар, кемчиликтер бар. Бирок кемчиликтерди, жаза таюуларды сабак кылып, тажрыйба кылып, өзүнө катып жата бербестен, өлкө үчүн колдонолу деген адамдар командага чогулган деп эсептейм”, — деди Эрнис Кыязов.

“Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин бири Айсулуу Мамашова партиянын курамына киргенине кубанычта экенин жашырган жок.

“Командага принципке турган, эл үчүн күйгөн, уурулук менен алдамчылыкты жектеген кишилер топтолду. Жогорку Кеңеште мырзалар аялдарга караганда басымдуулук кылып, аялзатынын айрым маселелери унутта калып калгандай. Мындан улам, айымдардын үнү сөзсүз парламентте жаңырып турушу керек. Депутаттыкты жеке кызыкчылык үчүн эмес, элдин пайдасына жараган мыйзамдарды чыгаруу, демилгелөө аркылуу пайдалануу зарыл”, — деди Айсулуу Мамашова.

Жакынкы жана орто мөөнөттүү пландарга жана реалдуу натыйжаларга жетүүгө багытталган программасы менен “Альянс” саясий партиясына замандын күрөө-тамырын тартып иштей ала тургандар, инновациялык, заманбап идеяларга бай, ой жүргүтүүсү, билими терең, таза, жаратман жана прогрессивдүү талапкерлер кошулду. Алгачкы ондукта Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Чыңгыз Айдарбеков, Оргалча Токтобүбү, Алтынбек Сулайманов, Фарходбек Алимжанов, Эльдар Абакиров, Айсулуу Мамашова, Максатбек Сулайманов, Жолдошбек Кожобеков бар. Ошондой эле, Эрнис Кыязов, Чынар Капарова, Юлия Жаналиева, Сейтек Качкынбай жана башка талапкерлер партия менен бирге аттанышат.

 

Exit mobile version