Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен 2-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Бейшеналиев сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берип, күнөөсүн мойнуна албастыгын билдирди. Ал кошумчалагандай, вакцинаны сатып алуу боюнча ишти ал эмес башка тийиштүү жетекчи көзөмөлдөгөн.
Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин милдетин аткарат