Site icon Reporter.kg

Бейшеналиев министрликтин жамаатына тааныштырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырылды.

Аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Садыр Жапаров 7-сентябрда Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Алымкадыр Бейшеналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна  киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version