Site icon Reporter.kg

Алымкадыр Бейшеналиев СИЗОго камакка алынды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, өлкөнүн башкы көзөмөл органынын тергөөчүлөрү Бейшеналиевге бир нече кылмыш иштери боюнча – коррупция, пара талап кылуу (эки эпизод), кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү (төрт эпизод) боюнча айыптоодо.

Бейшеналиевге айып тагылгандан кийин сот анын баш коргоо чарасы тандалганга чейин 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Exit mobile version