Site icon Reporter.kg

Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

Саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды.

Жактоочу Рустам Исаевдин айтымында, бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык соту Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо  чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны камактан бошотту. Анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага карата жети кылмыш иши козголгон. 2-июндан бери ал УКМКнын СИЗОсунда болчу.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиев боюнча билдирүү таратты

Exit mobile version