Site icon Reporter.kg

Алымкадыр Бейшеналиевдин экс-кеңешчиси бошотулду

Кызматтан алынган саламаттыкты сактоо министр Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Ал белгилегендей, 3-августта анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Каракол шаардык сотунун 4-августтагы чечими менен Мээрим Тилекова 2022-жылдын 11-сентябрына чейин үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Мээрим Тилекова 17-майда «КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында кийинки тергөө амалдарын уюштуруу максатында кармалган. Үч күндөн кийин ал үй камагына бошотулуп, бирок кийин кайра камакка алынган.

Министрге каршы маалымат жыйын уюштуруп чыккан анын үч орун басары Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисин башка айыптар менен катар негизсиз кадр саясатын жүргүзүп жатат деп чыгышкан. Тактап айтканда, Мээрим Тилекова саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катчысы болуп, кайра апрель айында кыз кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, эртеси министрдин кеңешчиси болуп дайындалганын сынга алышкан.

Exit mobile version