Site icon Reporter.kg

Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-336-беренеси («Коррупцияны уюштуруу») менен айыпталганын эске салды. Адвокат белгилегендей, 16-августта ИИМдин Тергөө кызматы Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу иш кыскартылган деген чечим чыгарган.

«Тергөө ушундай тыянакка келди, анткени COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуу боюнча бардык чечимдер Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде, өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынган. Ошондой эле, ички аудиттин материалдарына ылайык, мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эмес жана ушул убакка чейин республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалган», — деди Абакиров.

Мындан тышкары, ал COVID-19 долбоору боюнча өзгөчө кырдаал долбоорун кошумча каржылоонун алкагында 13 миллион 454 миң доллар өлчөмүндөгү чыгымдын орду толтурулганын баса белгиледи.

Адвокат Бейшеналиевдин саламаттыкты сактоо министри кызматына калыбына келтирүүгө укугу бар деп эсептейт.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга шектелип кармап, УКМКнын СИЗОсуна камаган болчу. Анда ага карата 7 кылмыш иши тергелип жатканы маалымдалган. Президент Садыр Жапаров тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиевди кызматтан алган.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, иш материалдары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version