Site icon Reporter.kg

Аламүдүндө 7 жашар кыз иттин жардамы менен табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылында жоголгон 7 жашар кыз иттин жардамы менен табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 26-октябрда болгон, бирок ал боюнча министрлик бүгүн гана маалымат берди.

Кызды издөөгө тескөөчү-кинолог Эрмек Джумамудунов менен бирге анын “Ора” ити тартылган.

Ит кинологду жолдун жээгиндеги бадалдардын жанына алып келген. Ал жерде тоңуп, коркуп отурган кыз табылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version