Алып баруучу Нурзат Токтосунова инсандык өнүгүү боюнча Youtube каналын ачты

Алып баруучу Нурзат Токтосунова инсандык өнүгүү боюнча Youtube каналын ачты

Алып баруучу Нурзат Токтосунова «Нур» академиясы аркылуу көптөгөн таланттарды тарбиялап келет. Ошондой эле айымдар үчүн мыкты тренингдерди уюштуруу менен «Инсандык өнүгүү» сабактарын да өтүп келет.

Азыр дүйнө жүзүндө билим алуунун оңой жолдору көп. Алардын бири Youtube.  Youtube аркылуу үйдөн чыкпай туруп эле билим алууга чоң мүмкүнчүлүк. Мындай мүмкүнчүлүктү Нурзат Токтосунова да пайдаланып, өзүнүн Youtube каналын ачканын билдирди.

«Азыр билим алуунун өтө көп жолдору бар. Мисалы, Youtube каналым аркылуу адам баласына керектүү видео сабактарды жарыялоону туура көрдүм. Анткени биздин «Нур» академиясы Бишкекте жайгашкан, бирок алыскы аймактардан дагы биздин сабактарга катышууну каалагандар өтө көп. Ошондуктан «nurzat toktosunova» youtube каналым аркылуу инсандык өнүгүү, психологиялык сабактарды видео форматында жүктөп, алардын да өнүгүүсүнө шарт түзүп берсек деген максатым. Бул аракеттерибиз менен көп адамдарга, айрыкча үйдөн баласы менен чыга албай отурган айымдарга пайдасы чоң», — деп белгиледи алып баруучу Токтосунова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>